Эрдоган: «Швециянын бизге киргизген курал эмбаргосун четке таштап кое албайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Гөлжүк кеме куруу заводунун командирлигинде өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

1830830
Эрдоган: «Швециянын бизге киргизген курал эмбаргосун четке таштап кое албайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Швециянын Түркияга киргизген курал эмбаргосун четке таштап кое албай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Гөлжүк кеме куруу заводунун командирлигинде өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

Түркиянын жаңы типтеги суу астындагы кемелеринин техникалык өзгөчөлүктөрү менен көздүн жоосун алганын баса белгилеген Эрдоган:«Быйылдан баштап 2027-жылга чейин жыл сайын суу астындагы кемелерибиздин бирин ишке киргизүү менен флотубузга кошуп толуктайбыз»,-деди.

Өлкө тарыхында эч качан чыгымсыз мүмкүнчүлүк болбогонун, абдан оор күрөштөрдү жүргүзүшкөндөрүн белгилеген Эрдоган:«ДЕАШтын чек ара аймактарыбызды бутага алган ракеталык кол салуулары менен күрөшкөн күндөрүбүздө абадан коргонуу системабыз чыгарылып кетти. Бизге акчасы менен берилбеген курал-жарактар ​​ДЕАШ менен күрөшүү деген негиз менен жүк ташуучу унаалар менен кандуу террордук уюмдарга (ПКК) өткөрүлүп берилди. Түркия террор коридору менен курчалууга аракет кылынды. Биз дос деп тааныган мамлекеттердин чыккынчылыктарына жана шериктеш деп эсептеген өлкөлөрдүн айла-амалдарына карабастан, терроризмге каршы ийгиликтүү болдук. Түркия коргонуу муктаждыктарын канааттандырууда жана 40 жылдык террор менен күрөшүүдө союздаштарынан күткөн колдоосун ала алган жок»,-деп айтты.

Швециянын НАТОго мүчө болуу жөнүндөгү арызына да токтолгон президент Эрдоган:«Биз Швеция тарабынан киргизилген курал эмбаргосун четке таштай албайбыз жана бул үчүн эч кандай негиздүү түшүндүрмө жок. НАТОдо ойноп жаткан ролубуз айкын болгону менен, биз дагы эле шериктештерибиз менен санкцияларды алып салуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Биздин күтүүлөрүбүз аткарылууга тийиш, конкреттүү кадамдар жасалышы керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар