Эрдоган-Столтенберг сүйлөшүүсү

Президент Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1830196
Эрдоган-Столтенберг сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Швеция менен Финляндиянын Түркия менен фундаменталдуу темаларда, өзгөчө террор менен күрөшүүдө тилектеш боло тургандарын ачык көрсөтпөсө, бул өлкөлөрдүн НАТОго мүчөлүгүнө оң мамиле жасашпай турганын белгиледи.

Президент Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздары талкууланды.

Анда президент Эрдоган Түркиянын НАТОнун ачык эшик саясатын чын жүрөктөн колдоп келгенин, Швеция менен Финляндиянын мүчөлүк талабына байланыштуу маселенин бул эки өлкөнүн Түркиянын маанилүү улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына карата мамилеси экенин айтты.

Президент Эрдоган, Швеция менен Финляндиянын Түркия менен фундаменталдык темаларда, өзгөчө террор менен күрөшүүдө тилектеш боло тургандарын ачык көрсөтпөсө, бул өлкөлөрдүн НАТОго мүчөлүгүнө оң мамиле жасашпай турганын белгиледи.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг Түркиянын коопсуздук маселелеринин чечилиши керектигин айтты.



Тектеш кабарлар