Эрдоган ЙПГ тууралуу АКШ жана Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

Президент Режеп Эрдоган Европа Биримдиги жана АКШдан : «Эмне үчүн (ПККнын Сириядагы уландысы) ЙПГны террордук уюм катары кабыл албайсыңар»,- деп сурады.

1829842
Эрдоган ЙПГ тууралуу АКШ жана Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

Президент Режеп Эрдоган ПКК жикчил террордук уюмун «террордук уюм» катары кабыл алган Европа Биримдиги жана АКШдан : «Эмне үчүн (ПККнын Сириядагы уландысы) ЙПГны террордук уюм катары кабыл албайсыңар»,- деп сурады.

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Террор менен күрөшүүгө байланыштуу бир суроого : «Европа Биримдигинин ПККны террордук уюм катары кабыл алуусу үчүн башка бир нерсе ойлоп чыгарышты. Террордук уюм катары кабыл алгандарын айтышты, анда эмесе ЙПГны эмне себептен террордук уюм катары кабыл албайсыңар. ЙПГ ПКК жараткан  террордук уюм. АКШ да буларга сүйлөшүүдө бир топ мүмкүнчүлүктү берүүдө. Германияда, Швецияда жана Францияда да бул террордук уюмдар ар кандай демонстрацияларды өткөрүп жатышпайбы, өткөрүшүүдө. Бул өлкөлөрдүн башкаруулары бардык ишенимди берип жатышат. Биз буларды эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө да айттык, документтерди көрсөттүк. Булар террордук уюм, кылган кылмыштары ортодо. Кандилди өздөрүнө борбор кылуу -  ПКК/ЙПГнын террордук аракети бирок муну батыш тилекке каршы жашырып жатат. Бизге бергиле десек бербей жатышат. Эмне керек болсо аны аткарууну улантабыз»,- деди.

Эрдоган Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процессине байланышуу :  "Бүгүн биз Голландиянын премьер - министри (Марк Рютте) менен кеңири жолугушуу өткөрдүк. Эртең Финляндиянын, Британиянын сүйлөшүү талабы бар. Ошондой эле  Столтенберг менен сүйлөшүү өткөрөбүз. Телефон дипломатиясын үзбөө үчүн сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Бул террордук уюмдардын бардык документтери бизде болгонуна караганда мунун курмандыгы биз болгонубузга караганда НАТОнун  террорго каршы сезимталдуулугун билип туруп НАТОго мындай террордук уюмдун алынышына «макулдук» бере албайбыз. Швеция жана Финляндия үчүн ошол эле нерсени ойлоп жатам. Өз парламенттеринде сөз сүйлөтүп, мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүүдө. Эч ким капа болбосун бул террордук уюмдардын НАТОго киришине биз макулдук бере албайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар