Ибрахим Калын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Германия, Швеция, Финляндия,  Британия жана америкалык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1829266
Ибрахим Калын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Германия, Швеция, Финляндия,  Британия жана америкалык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин катчылыгынан берилген маалыматка караганда Калын Германиянын канцлери, тышкы саясат боюнча кеңешчиси Йенс Плотнер, Швециянын  тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик секретары Роберт Ридберг, Финляндия президентинин башкы кеңешчиси Стивен Лавгроув  жана АКШнын Улуттук Коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу карым-катнаштар, Украина согушу, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздары жана аймактык маселелер каралды.

Швеция жана Филяндиянын НАТОго мүчөлүк кайрылууларынын негизинде Түркиянын улуттук коопсуздук тынчсызданууларынын жок кылынышына карата так кадамдарды таштоо боюнча  күтүүсү билдирилип, Түркиянын күтүүлөрүнө жооп берилбесе процесстин алдыга жылышы сөз болбой тургандыгы баса белгиленди.

Террордук уюм ПКК/ПЙД/ ЙПГ менен ФЕТӨ мүчөлөрүнүн НАТО мүчөсү жана баша өлкөлөрдө болушуна  уруксат берилишинин кабыл алынгыс экендиги баса белгиленген сүйлөшүүлөрдө террордук уюмдардын арасында  дискриминация болбошу керектиги жана  терроризмге каршы биримдик жана тилектештик ичинде  күрөшүү керектиги айтылды. 

Коргоо өнөр жайы тармагындагы адилетсиз  экспорт чектөөлөрүнүн жоюулушу жана союздаштардын бири бирине  санкция салбашы тууралуу Түркиянын принциптүү позициясы жана күтүүсү билдирилди.

Украина согушун дипломатия жана сүйлөшүү жолу менен токтотуу жана өзгөчө азык-түлүк коопсуздугуна коркунучтарды жок кылуу үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланды.

 



Тектеш кабарлар