Теббун: «Мен бул инвестициялык ченди 10 миллиард долларга жана андан да көпкө жеткиребиз деп ишенем»

Расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Алжирдин лидери Теббун менен президент Режеп Таййип Эрдоган, Президенттик комплексте жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

1828007
Теббун: «Мен бул инвестициялык ченди 10 миллиард долларга жана андан да көпкө жеткиребиз деп ишенем»

Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун, өлкөсүндөгү түрк инвестицияларына байланыштуу: «Мен бул инвестициялык ченди жакынкы келечекте 10 миллиард долларга жана андан да көпкө жеткиребиз деп ишенем»,-деди.

Расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Алжирдин лидери Теббун менен президент Режеп Таййип Эрдоган, Президенттик комплексте жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

Теббун, президент Эрдогандын Түркиянын Алжирдеги инвестициясынын 5 миллиард долларга жеткени жөнүндөгү билдирүүлөрүн эске салып: «Мен бул инвестициялык ченди жакынкы келечекте 10 миллиард долларга жана андан да көпкө жеткиребиз деп ишенем»,-деп айтты.

Абдулмежид Теббун Ливия тууралуу бир суроого: «Ливия маселеси боюнча Түркиядагы бир туугандарыбыз менен орток көз карашыбыз бар. Ал болсо, Ливияда шайлоо болмоюнча чечим болушу мүмкүн эмес экени жөнүндө. Башкача айтканда, башкарууну Ливия элине өткөрүп берүүдөн башка альтернатива жок. Биз Бул темада Түркия менен ансыз да өз ара кеңешип жатабыз, тилектештиктебиз. Негизинен көз карашыбыз бирдей. Шайлоо болбосо эч нерсе ишке ашпайт»,-деп жооп берди.

Жолугушууда Ливия жана Палестина темаларынын да сүйлөшүлгөнүн белгилеген Теббун, Алжир менен Түркиянын Палестина темасында толук макулдашканын баса белгиледи.

Теббун:«Ливияда, биз Ливия элине убада берилиши керектигин жана шайлоону өз эли өткөрүшү керектигин баса белгиледик»,-деди.



Тектеш кабарлар