"Дүйшөмбү күнү Түркияга келишет экен. Бизди көндүрүү үчүн келишеби, капа болушпасын"

Эрдоган Швеция жана Финляндия тууралуу эки өлкөнүн тең террордук уюмдарга каршы ачык, так мамиле кылгандыгын айтууга болбой тургандыгын айтты.

1827933
"Дүйшөмбү күнү Түркияга келишет экен. Бизди көндүрүү үчүн келишеби, капа болушпасын"


Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОго мүчөлүк процесси тууралуу жолугушууларды өткөрүү үчүн дүйшөмбү күнү Түркияга келери билдирилген Финляндия жана Швециянын делегациялары тууралуу : "Бизди көндүрүү үчүн келе жатышабы, капа болушпасын, эч өздөрүн чарчатпасын",- деди. 

Президент Эрдоган расмий сапардын негизинде борбор шаар Анкарага келген алжирдик кесиптеши Абдүлмежид  Теббун менен өткөргөн пресс  - жыйында сөз сүйлөдү. 

Эрдоган Швеция жана Финляндия тууралуу эки өлкөнүн тең террордук уюмдарга каршы ачык, так мамиле кылгандыгын айтууга болбой тургандыгын белгилеп : "Дүйшөмбү күнү Түркияга келишет экен. Бизди көндүрүү үчүн келишеби, капа болушпасын, эч өздөрүн чарчатышпасын",- деди. Эрдоган өзгөчө : "Баарыдан мурда Түркияга  санкция салгандардын бул процесстин ичинде коопсуздук уюму болгон НАТОго киришине макулдук бербейбиз",- деди. 

Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери Анн Линде менен Пекка Хаависто өлкөлөрүнүн НАТОго мүчөлүк кайрылууларын сүйлөшүү үчүн Түркияга келишерин билдирген болчу. 

 

 



Тектеш кабарлар