Эрдоган : "Нахайянга Аллахтан ырайым тилеймин"

Эрдоган Аль Нахайяндын өлүмү тууралуу : «БАЭ лидери Аль Нахайян узакка созулган оору менен ооруду. Жаткан жери жайлуу болсун»,- деди.

1826763
Эрдоган : "Нахайянга Аллахтан ырайым тилеймин"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин дүйнөдөн кайткан президенти шейх Халифа бин Заид Аль Нахайянга Аллахтан ырайым тиледи.

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин күн тартибине байланыштуу  суроолоруна жооп берди.

Эрдоган Аль Нахайяндын өлүмү тууралуу : «БАЭ лидери Аль Нахайян узакка созулган оору менен ооруду. Жаткан жери жайлуу болсун»,- деди.

БАЭнин расмий маалымат агенттиги WAM президенттик иштер министрлигине таянып берген кабарында 74 жаштагы Аль Нахайяндын каза болгондугун жарыялаган.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөдө бүгүндөн тарта 40 күндүк расмий аза күтүү жарыяланды жана желектердин жарымга түшүрүлөрү белгиленип, министрликтерде, мамлекеттик мекемелерде жана менчик сектордо да 3 күн жумуштун токтотулары билдирилди.

БАЭнин биринчи президенти Заид бин Султан Аль Нахайяндын тун уулу Халифа бин Заид 2004-жылы атасы каза болгондон кийин кызматка келген.



Тектеш кабарлар