Министр Чавушоглу Түркиянын бардык террордук уюмдар менен күрөшү тууралуу сөз кылды

Чавушоглу соцтармактан берген маалыматында Марокконун Марракеш  шаарында 76 мамлекет жана эл аралык мекеменин катышуусу менен өткөрүлгөн жыйын тууралуу маалымат берди.

1825635
Министр  Чавушоглу Түркиянын бардык террордук уюмдар менен күрөшү тууралуу сөз кылды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын жол башчылыгындагы террордук уюм ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын министрлер жыйынында Түркиянын бардык террордук уюмдар менен күрөшүнөн сөз кылды. 

Чавушоглу соцтармактан берген маалыматында Марокконун Марракеш  шаарында 76 мамлекет жана эл аралык мекеменин катышуусу менен өткөрүлгөн жыйын тууралуу : "Өлкөбүздүн ДЕАШ жана башка террордук уюмдар менен чечкиндүү түрдө күрөшүнөн сөз кылдык",- деп билдирди. 

ПКК/ЙПГ сыктуу терордук уюмдар аркылуу ДЕАШ менен күрөшүүнүн мүмкүн эместигине көңүл бурган Чавушоглу : "ПКК/ЙПГ сыяктуу террордук уюмдар аркылуу ДЕАШ менен күрөшүүнүн ийгиликтүү болбой тургандыгын дагы бир жолу баса белгиледик",- деди. 

Ошол эле учурда Мевлүт Чавушоглу Марракеште Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Министр Чавушоглу жыйындан мурда Альбарес менен  жолугушуп, Мадриддеги НАТО саммитине даярдыктар, эки өлкөнүн карым-катнаштары жана Украинадагы акыркы абалды сүйлөштү.

 

 



Тектеш кабарлар