Эрдоган : "Түркия - Казакстан соода көлөмү 5 миллиард доллар максатынан ашты"

Президент Эрдоган расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген  Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен бир нече келишимге кол кою аземинен кийин  биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

1825003
Эрдоган : "Түркия  -  Казакстан соода көлөмү 5 миллиард доллар максатынан ашты"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия  -  Казакстан карым  - катнаштарына байланыштуу : «Өткөн күндөрдө курган көпүрөнү бекемдөө менен жолубузду улантабыз».- деди.

Президент Эрдоган расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген  Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен бир нече келишимге кол кою аземинен кийин  биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Президент Эрдоган  бул жерде  сүйлөгөн сөзүндө бул жылдын Казакстан менен дипломатиялык карым  - катнаштардын түзүлүшүнүн  30 жылдыгы экендигин эске салып : «Урматтуу Токаевдин Казакстанды калыптандырууда кылган аракеттери колдоого арзырлык»,- деди.

«Бардык шарттарда казакстандык боордошторубуздун жанында болобуз.  Өткөн күндөрдө курган көпүрөнү бекемдөө менен  жолубузду улантабыз»,- деген Эрдоган :  «Түркия  - Казакстан соода көлөмү 58 пайызга өсүп, 5,3  миллиард доллардан ашты. Буюрса  бирдикте таштай турган кадамдар менен 10 миллиард доллар максатына жетебиз»,- деди.

Президент Казакстан менен Түрк Мамлекеттери Уюму менен бирге БУУ, Ислам Кызматташтык Уюму жана Экономикалык Кызматташтык Уюму сыяктуу платформаларда тилектештикти улантуу чечкиндүүлүгүн аныкташкандарын  да айтты. Эрдоган : «Калкынын саны 19 миллион болгон Казакстан менен 85 миллион калктуу Түркиянын тилектешигинин  канчалык маанилүү экендигине баа бере аласыз»,- деди.

Казакстандын президенти Токаев да сөзүн : «Түркиянын президенти, боордошум Режеп Таййип Эрдоганга ыйык Анадолу жерлерине чакыруусунан улам  ыраазычылыгымды билдиргим келет. Биз бүгүн абдан маанилүү бир нече тема боюнча кенен түрдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Президент Эрдоган акылман жана  сыйлуу бир саясатчы. Ошондуктан пикирлери абдан баалуу»,- деп баштады.

«Казакстан менен Түркия бир тектен, боордош жана дос мамлекеттер»,- деген Токаев : «Түркиядан эч кандай зыян келген жок. Ар дайым жакшылыктарды көрдүк. Ушул күнгө чейин ушундай келди, мындан кийин да ушундай улантылат»,- деди.



Тектеш кабарлар