АКШнын өкүлү Түркияга ыраазычылык билдирди

Томас Гринфилд качкындардын Сирияга кайтышы коопсуз жана ыктыярдуу болушу керектигин айтты.

1825013
АКШнын өкүлү Түркияга ыраазычылык билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын  БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфил Түркиянын сириялык качкындарды кабыл алуудагы берешендиги, Украинанын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн колдогондугу жана украин элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө караганда, Томас Гринфилд Сирия калкына колдоо көрсөтүү боюнча жолугушуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал менен жолугушту.

БУУнун Түркиянын Жилвегөзү чек ара капкасы аркылуу Сирияга берген жардамдарынын уланышын талкуулаган Томас Гринфилд, Түркия коноктогон 3,7 миллиондон ашуун качкынга өзгөчө мамиле кылган Седат Өналга ыраазычылык билдирди.

Томас Гринфилд качкындардын Сирияга кайтышы коопсуз жана ыктыярдуу болушу керектигин айтты.

АКШ элчиси ошондой эле Түркияга Россия  24 - февралда согуш жарыялаган Украинанын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосу, украин элине көрсөткөн жардамы үчүн да ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар