Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1824659
Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык А400М учактары менен Украина портторунда күтүп турган соода кемелеринин Түркияга коопсуз келүүсү каралды.

Сүйлөшүүдө министр Акар, Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушта ок атышпоо зарылдыгын, Түркиянын тынчтыкты орнотуу жана Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүдө өз милдетин аткарууну уланта турганын дагы бир жолу баса белгиледи.



Тектеш кабарлар