Түрк Кызылайынан Ооганстанга жардам

«Жакшылык поездинин төртүнчүсү» ташыган жардамдардын бир бөлүгү азем менен бул жерде жашаган 350 үй-бүлөгө жеткирилди.

1824158
Түрк Кызылайынан Ооганстанга жардам

Түрк Кызылайы Ооганстандын Бамиан облусундагы муктаж болгон 350 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.

Түркиядан Ооганстанга гуманитардык муктаждыктарды камсыздоого салым кошуу үчүн жөнөтүлгөн «Жакшылык поездинин төртүнчүсү» ташыган жардамдардын бир бөлүгү азем менен бул жерде жашаган 350 үй-бүлөгө жеткирилди.

Аземде сөз сүйлөгөн Түркиянын Кабулдагы элчиси Жихад Эргинай, президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсү менен Ички иштер министрлиги, Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) жетекчилигинде уюштурулуп Ооганстанга жөнөтүлгөн «Жакшылык поезддери» алып барган жардамдардын өлкөнүн бардык жерлерине жеткирилгенин айтты.

Бамиан губернатору Мевлеви Абдуллах Серхади да Ислам аймагындагы гуманитардык кризистерде Түркиянын ар дайым мусулмандардын жанында болгонун белгилеп, Ооганстанга жардам көрсөткөн Түркия жана түрк мекемелерине ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар