Эрдоган Макрон менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Түркия-Франция карым-катнаштарынын өнүктүрө турган кадамдар жана өзгөчө Орусия-Украина согушу менен аймактык маселелер каралды.

1822745
Эрдоган Макрон менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Франция карым-катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар жана Орусия-Украина согушу баш болгон аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Эммануэль Макронду Франциянын президенттигине кайрадан шайланышы менен куттуктап, шайлоо жыйынтыгынын Франция үчүн пайдалуу болушун каалады.

Президент Эрдоган Түркия-Франция карым-катнаштарынын орток континент Европанын глобалдык ролу жагынан да чоң мааниге ээ экенин айтты.

Түркия катары Украинадагы согушту дипломатиялык жол менен бүтүрүү үчүн бардык аракетти жасагандарын белгилеген президент Эрдоган, сүйлөшүү процессине колдоо көрсөтүүнүн маанилүү экенин билдирди.



Тектеш кабарлар