АКШ Конгресси Түркияга Ф - 16 сатуу боюнча жашыл жарык жакты

Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин көптөгөн мүчөлөрүнүн Түркияга Ф -16 сатуусуна жашыл жарык жаккандыгы билдирилди.

1822993
АКШ Конгресси Түркияга Ф  - 16 сатуу боюнча жашыл жарык жакты

Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин көптөгөн мүчөлөрүнүн Түркияга Ф -16 сатуусуна жашыл жарык жаккандыгы билдирилди.

АКШнын коргонуу тармагындагы маанилүү медиа органдарынан бири «Defense News» гезитинде орун алган кабарга караганда, Түркиянын өзгөчө Украина согушунда Байрактар ​​ТБ 2 учкучсуз учуучу аппараттар жана Россия менен жүргүзгөн диломатиясы менен АКШ Конгрессинде оң имидж жаратты.

Кабарда Түркиянын акыркы мезгилде ойногон бул ролун Анкарага Ф  -  16 сатууда Конгресстеги каршылыктарды азайткандыгы баса белгиленип,  Конгресстеги негизги адамдардын көз караштарына да орун берилди.

Президент Байден башкаруусунун Түркияга Ф  - 16 сатышынын НАТО жана АКШнын коопсуздук кызыкчылыктарына кызмат кылары боюнча көз караш билдиргендигин белгилеген Конгресс мүчөлөрү Ф  - 16  сатышынын Түркиянын Украинага колдоосун улантуусунда да таасирдүү болушу мүмкүн экендигин айтышты.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Грегори Микс : " Россияга каршы биз менен бирге аракет кылган Түркия жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүп, биргелешип иштешибиз керек. Түркия туура багытта кээ бир аракеттерди жасады. Кээ бир нерселер бизди маал-маалы менен тынчсыздандырса да Түркия менен иштешибиз керек болгон тармактар ​​бар»,- деди.

Бир тараптан Түркияны Ф -35 программасынан чыгаруу үчүн  аракет кылган конгресстин көптөгөн мүчөсү F-16нын Түркияга сатылышына каршы чыкпай тургандарынын белгисин беришти.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы Адам Смит: «Түркия менен карым-катнаштарга муктажбыз, ал карым-катнаштарды кайра куруунун жолун табышыбыз керек»,-деди.

Смит Байдендин Түркия менен карым – катнаштарын тең салмакта кармоо үчүн аракет кылганын белгилеп : «Бул тең салмактуулукту сактоо кыйын болушу мүмкүн, анткени С-400 (абадан коргонуу системасы) маселеси  карым -катнашыбызды татаалдаштырды, бир тараптан бул карым-катнаштан баш тарта албайбыз»,-деди.

Өкүлдөр палатасынын  тышкы карым – катнаштар комитетиндеги республикачылдардын лидери Майк Макколдун кеңсесинен бул тууралуу «Defense Newsка» берилген маалыматта : «Өз жерлерин коргогон Украинага колдоо тууралуу Түркиянын НАТО союздаштары менен жанаша турууну улантышын күтүп жатабыз»,- деп айтылды.

Украинадагы согуштун бүтө электигине көңүл бурулган билдирүүдө : «Байден башкаруучулугунун бул сатуу үчүн Конгресске кайрылуусун күтөбүз. Түркия Украинадагы кагылышууда дагы эле конструктивдүү роль ойноп жатат»,-деген көз караш билдирилди.



Тектеш кабарлар