Эрдоган Нехаммер менен жолугушат

Австриянын премьер-министрлигинен Австриянын маалымат агенттигине (APA) берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Нехаммердин июнь айынын аягында боло турган саммиттин алкагында президент Эрдоган менен жолугары белгиленди.

1822501
Эрдоган Нехаммер менен жолугушат
Karl Nehammer.jpg

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Испаниянын борбор шаары Мадридде боло турган НАТОнун лидерлер саммитинин алкагында Австриянын премьер-министри Карл Нехаммер менен жолугушат.

Австриянын премьер-министрлигинен Австриянын маалымат агенттигине (APA) берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Нехаммердин июнь айынын аягында боло турган саммиттин алкагында президент Эрдоган менен жолугары белгиленди.

Билдирүүдө Мадридде боло турган саммитке НАТОго мүчө болбогон Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн да чакырылганы, Нехаммердин бул чакыруунун негизинде Испанияга бара турганы белгиленди.

Билдирүүдө эки лидердин акыркы жумаларда болгон телефон сүйлөшүүлөрүндө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Орусия-Украина согушунун да сүйлөшүлгөнү белгиленип, эки өлкөнүн карым-катнаштарынын оң жагына өнүгүп жатканы баса белгиленди.

Өлкөнүн басма сөзүндө кеңири орун алган билдирүүдө Нехаммердин баа берүүлөрү да орун алган.

Премьер-министр Нехаммер: «Украинанын президенти Владимир Зеленский менен көп сандаган сүйлөшүүлөрүм, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүм жана президент Эрдоган менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Стамбул процессинин Европада тынчтык үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк бойдон калууда деп эсептейм»,-деп пикирин бөлүштү.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарында акыркы мезгилде ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө ылайык жылыш болду.

Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленбергдин Анталья дипломатия форумуна катышуусу жана Нехаммердин 12-апрелдеги Орусия сапарынын алдында жана андан кийин президент Эрдоган менен болгон телефондогу сүйлөшүүлөрү эки өлкөнүн карым-катнаштарынын оң жылышына салым кошту.



Тектеш кабарлар