Президент Эрдоган өлкө лидерлери менен майрамдашты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орозо айт майрамынан улам бири нече  өлкөнүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1821517
Президент Эрдоган өлкө лидерлери менен майрамдашты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орозо айт майрамынан улам бири нече  өлкөнүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, Ирандын президенти Ибрахим Реиси, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Кувейттин эмири шейх Невваф аль- Ахмед аль-Кабир эс-Сабах, Нигериянын президенти Мухаммед Бухари, Бириккен Араб Эмираттары Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заид ан-Нахян, Ливандын премьер-министри Нажиб Микати, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими менен өз - өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү. .

Сүйлөшүүдө Эрдоган менен лидерлер бири-бирин айт майрамы менен куттукташты.

Израилдин президенти Ицхак Герцог да президент Эрдоганга телефон  чалып, Орозо айт майрамын куттуктады.

 

 



Тектеш кабарлар