Акар - Шойгу телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Акар сүйлөшүүдө гуманитардык абалдын жакшыртылышы жана аймакта тынчтык жана туруктуулуктун кайрадан түзүлүшү үчүн чукул түрдө ок атышпоонун маанисин баса белгиледи.

1821528
Акар  -  Шойгу телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Акар сүйлөшүүдө гуманитардык абалдын жакшыртылышы,  аймакта тынчтык жана туруктуулуктун кайрадан түзүлүшү үчүн чукул түрдө ок атышпоонун маанисин,  башта Мариуполь жана жарандардын коопсуз түрдө кургактыктан же деңизден эвакуацияланышынын маанисине басым жасады. 

Министр Акар гуманитардык жардам тууралуу ар кандай колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жаткан Түркиянын аймакта тынчтыктын түзүлүшү үчүн мындан мурда болгондой эле мындан кийин да өз милдетин аткарууну уланта турганын айтты.

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган. 

 

 



Тектеш кабарлар