Эрдоган аскер бөлүктүн командирлерине кайрылды

Президент Эрдоган, Кургактык күчтөрү командирлигинин өнүккөн биргелешкен операциялар борборуна барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1821303
Эрдоган аскер бөлүктүн командирлерине кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, операцияларда жана чек ара тилкесинде жүргүзүлүп жаткан күрөштүн мактоого арзырлык экенин айтып: «Өлкөнүн ичинде жана тышында бул күрөштү тарых жакшылык менен эскерет деп ишенем»,- деди.

Президент Эрдоган, Кургактык күчтөрү командирлигинин өнүккөн биргелешкен операциялар борборуна барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда өлкөнүн ичинде, Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү операцияларда жана чек ара тилкесинде кызмат өтөп жаткан аскер бөлүк командирлерине телефон аркылуу кайрылган Эрдоган: «Өлкөнүн ичинде жана тышында бул күрөштү тарых жакшылык менен эскерет деп ишенем»,- деди.

Эрдоган чек аранын аркы өйүзүндөгү террордук буталарга каршы уланып жаткан «Чеңгел кулпу» операциясына да токтолуп: «Чеңгел кулпу операцияларында аткарган ишиңиз эч качан унутулбайт. Жеңиштериңиздин үзгүлтүксүз уланарына ишенем»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар