Чавушоглу: «Латын Америка менен соодабыз 1 миллиард доллардан 15 миллиард долларга чейин өстү»

Чавушоглу расмий сапар менен барган Колумбияда вице-президент жана тышкы иштер министри Марта Люсиа Рамирес менен жолугушуп, бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1818889
Чавушоглу: «Латын Америка менен соодабыз 1 миллиард доллардан 15 миллиард долларга чейин өстү»
Marta Lucia Ramirez-Mevlut Cavusoglu1.jpg
Marta Lucia Ramirez-Mevlut Cavusoglu.jpg

 

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия катары Латын Америка аймагындагы карым-катнаштарды өнүктүрүүгө маани бергендерин айтты.

Чавушоглу расмий сапар менен барган Колумбияда вице-президент жана тышкы иштер министри Марта Люсия Рамирес менен жолугушуп, бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын ылдамдыгынын дагы да күчөшүн каалашкандарын баса белгиледи.

«Май айында Колумбиянын президенти Иван Дукени өлкөбүздө коноктогонубузга кубанычта болобуз. Бул сапардын жемиштүү болушу үчүн биз кымбаттуу досум Марта Люсия менен бирге даярдыктарды көрөбүз. Бүгүн жана эртең биздин эки тараптуу мамилелерибизди ар кандай тармактарда алдыга жылдыруу үчүн жасай турган кадамдарыбызды талкуулайбыз»,-деп айтты.

Түркия катары Латын Америка аймагындагы карым-катнаштарды өнүктүрүүгө маани бергендерин баса белгилеген Чавушоглу: «Биздин чөлкөмдө көптөгөн көйгөйлөр бар болсо да, Украинадагы согуш уланып жатканда, мурда пландаштырылган бул сапарды жокко чыгарбаганыбыз аймакка берген маанибиздин көрсөткүчү»,-деп өз баасын берди.

Болжол менен 20 жыл мурда аймакта болгону 6 элчилик болгонун эске салган Чавушоглу: «Бүгүн 18 өкүлчүлүк бар, кыска убакытта Сан-Сальвадорго элчилик ачабыз. Аймак менен соодабыз болжол менен 1 миллиард доллардан 15 миллиард долларга чейин өстү. Биз Колумбияны Латын Америка аймагындагы эң маанилүү өнөктөштөрүбүздүн бири катары карайбыз»,-деп айтты.

Министр Чавушоглу, айыл чарба, уюшкан кылмыштуулук жана тартипсиз миграция менен күрөшүү боюнча тажрыйба алмашууга көңүл буруп:«Латын Америка чөлкөмүндө да, биздин аймакта да көптөгөн глобалдык көйгөйлөр бар, бирок биз биргелешип аракет кылсак, башка өнөктөштөр сыяктуу бул кыйынчылыктарды оңой жеңебиз жана алдыбызга келген мүмкүнчүлүктөрдү элибиздин жыргалчылыгы үчүн жакшыраак пайдаланабыз деп ишенем»,-деп айтты.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин эки өлкөнүн ортосунда түрдүү тармактарда келишимдерге кол коюлду.



Тектеш кабарлар