Эрдоган: «Тынчтыкты орнотуу үчүн Стамбул процесси ар ким тарабынан колдоого алынышы керек»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы Эрдогандын Гутерришти кабыл алуусуна байланыштуу билдирүү жасады.

1817976
Эрдоган: «Тынчтыкты орнотуу үчүн Стамбул процесси ар ким тарабынан колдоого алынышы керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерришти кабыл алды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы Эрдогандын Гутерришти кабыл алуусуна байланыштуу билдирүү жасады.

24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунан баштап аймактык абалдарга баа берилген жыйында Гутерриш, Түркиянын Украинадагы согушту токтотууга багытталган дипломатиялык аракеттерине колдоо жана ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган болсо тынчтыкты орнотуунун эң ишенимдүү жолу катары мүнөзүн сактап калган Стамбул процессинин ар ким тарабынан колдоого алынышы керектигин баса белгиледи.

Эрдоган, бир гана согушуп жаткан тараптарга эмес, бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизген бул кризистен чыгуу үчүн акылга сыярлык жана турмушка жарамдуу дипломатиялык чечим табылаарына ишенимин билдирди.

Президент Эрдоган Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылышууларды соңуна чыгаруу аракетин көрүп жаткан учурда жарандардын эвакуацияланышына жана аймакка гуманитардык жардамдын жеткирилишине салым кошуп, гуманитардык кризистин соңуна чыгышы үчүн БУУ менен тыгыз кызматташууну уланта тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар