Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Орусия-Украина согушундагы акыркы абал жана сүйлөшүү процессине байланыштуу маселелер каралды.

1817128
Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Орусия-Украина согушундагы акыркы абал жана сүйлөшүү процессине байланыштуу маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган абалдын күндөн-күнгө кайгылуу болуп бараткан Мариуполдо жаралуулардын жана жарандардын эвакуацияланышынын камсыздалышы керектигин белгиледи.

Сүйлөшүү процессинде колдон келген жардамды берүүгө жана ортомчулук менен бирге керектүү колдоолорду көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирген президент Эрдоган, кепилдик маселесине да принцип катары оң карагандарын билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар