Президент Эрдоган ТРТнын 23 - Апрель балдар фестивалында сөз сүйлөдү

Эрдоган  : «Балдардын кулактары бомба үнү менен эмес, тең  - туштарынын шаңдуу  күлкүсү  менен жаңырсын»,- деди.

1816907
Президент Эрдоган ТРТнын 23 -  Апрель балдар фестивалында сөз сүйлөдү
erdoğan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган  : «Балдардын кулактары бомба үнү менен эмес, тең  - туштарынын шаңдуу  күлкүсү  менен жаңырсын»,- деди.

Эрдоган Стамбулда Башакшехир Миллет бакчасында ТРТ тарабынан өткөрүлүп жаткан 23 -  Апрель балдар фестивалында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган : «Балдар коркунучтун чеңгелинде эмес, бейпилдикте укташы керек. 23 -  Апрелдин балдарыбызга белек кылынышынын артында мына ушул кыял бар эле. Дүйнөнү балдарга тартуулаган  күнү алардын сүйкүмдүү жана абийрдүү болорун көрөбүз»,- деди.

Түркиянын түштүгүндө он миңдеген баланын өмүрү кыйылганын, жүз миңдеген баланын жетим калганын, өзгөчө Европада он миңдеген баланын жоголгондугун белгилеген Эрдоган трагедиянын азыр да уланып жатканын айтып : «Түндүгүбүздө экинчи айын аяктаган Россия  - Украина согушунун да улантылып жатышын тынчсыздануу менен иликтеп жатабыз. Мындай мезгилдерде балдардын жүрөгүндөгү таза сүйүүсүгө, алардын жылмаюсуна ар дайымкыдан дагы көп муктаж экендигибизге ишенем. Балдар согуштарды токтотуу, кризистерди токтотуу, коопсуздук жана тынчтык климатын кеңейтүү боюнча биздин күч-аракетибиздин эң маанилүү мотивация булагы болуп саналат.

Балдардын кулагы бомба үнү менен эмес, бул жердегидей тең - туштарынын шаңдуу үнү менен жаңырышы керек. Балдардын жүрөгү тынчсыздануу менен эмес, сүйүү, үмүт менен согушу керек. Балдар коркуунун кучагында эмес, тынчтыктын кучагында укташы керек.

Анкарада чогулган Улуттук Парламенттинин  23 -  апрелди балдарыбызга белек кылышынын  артында мына ушул ишенич, ушул кыял бар эле. Ошондой эле өлкөбүзгө баш калкалагандардын баарын, айрыкча балдарды коргоого алуубуздун себеби да ушул»,- деди.



Тектеш кабарлар