23 - Апрель майрамы майрамдалууда

23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуттук Парламентинин ачылышынын 102 – жылы белгиленүүдө.

1816747
23 -  Апрель майрамы майрамдалууда

23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуттук Парламентинин ачылышынын 102 – жылы белгиленүүдө.

Түркия  Улуттук Парламентинин ачылышынын 102 жылдыгы жана 23-Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам борбор шаар Анкарада парламенттеги Ататүрк эстелигинин алдында салтанат өткөрүлдү.

Салтанатта Түркия  Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Ататүрк эстелигине кызыл жана ак гвоздика гүлчамбар койгондон кийин бир мүнөттүк эскерүү менен мамлекеттик гимн аткарылды.

Шентоптун жетекчилигиндеги мамлекеттик кызматкерлер андан кийин Аныткабирде өткөрүлгөн салтанатка катышты. 

23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуттук Парламентинин ачылышынын 102 жылдыгынан улам Улустагы Биринчи парламент имаратында да салтанат өткөрүлдү. 

Салтанатка Түркия  Улуттук Парламентинин спикери Шентоп, вице-президент Фуат Октай, Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели, улуттук билим берүү министри Зия Селчук, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришчи, башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн генералы Муса Авсевер, Түрк куралдуу күчтөрүнүн деңиз күчтөрү командири, адмирал Аднан Өзбал, аба күчтөрүнүн командири, генерал Хасан Күчүкакйүз, Түркия Улуттук Парламентиндеги бир топ саясий партиялардын өкүлдөрү жана айрым депутаттар катышты.

Улуттук билим берүү министри Махмут Өзер да 23 - апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамынан улам Аныткабирге барды.



Тектеш кабарлар