Эрдоган «Көгүлтүр мекен 2022» машыгуусуна түз байланыш аркылуу катышты

Эрдоган элдин мекенди коргоого, өлкөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоого ар дайым даяр турган куралдуу күчтөрү бар экенин айтты.

1815905
Эрдоган «Көгүлтүр мекен 2022» машыгуусуна түз байланыш аркылуу катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, үч тарабы деңиздер менен курчалган өлкө болгон Түркиянын күчтүү деңиз күчтөрүнө ээ болушунун тандоо эмес, зарылчылык экенин айтты.

Президент Эрдоган «Көгүлтүр мекен-2022» машыгуусуна түз байланыш аркылуу катышты.

Эрдоган дүйнөдөгү эң тамырлуу мамлекет жана армия салтына эгедер элдин мекенди коргоого, өлкөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоого ар дайым даяр турган куралдуу күчтөрү бар экенин айтты.

Баатыр түрк армиясынын бир тараптан чек араларда жана анын тышында көптөгөн маанилүү кызматтарды ийгиликтүү аткарып жатып, экинчи тараптан да даярдыктарын карап чыккан машыгууларын пландалгандай түрдө улантып жаткандарын баса белгилеген Эрдоган: «Көгүлтүр Мекен-2022 машыгуусу 11-апрелден бери операциялык даярдык машыгуусун аяктоо, ички жана улуттук курал системаларыбыздын эффективдүүлүгүн текшерүү максатында уланууда. Кара деңиз, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздериндеги Аскер-деңиз күчтөрү командирлигибиздин элементтери берки командирликтер жана мамлекеттик мекемелер менен макулдашып жүргүзгөн машыгууларыбыз ийгиликтүү аяктады»,- деди.

Машыгууга катышкан кемелер, учактар, тик учактар, учкучсуз учуучу аппараттар жана атайын кызматтын персоналы өз милдеттерин так аткарып, операцияга ар дайым даяр экендиктерин көрсөткөндөрүн белгилеген президент: «Үч тарабы деңиздер менен курчалган өлкө катары Түркиянын күчтүү деңиз күчтөрүнө ээ болушу тандоо эмес, зарылчылык»,-деп билдирди.

Эрдоган «Көгүлтүр мекен- 2022» машыгуусуна катышкан деңиз, кургактык, аба, жандармерия жана жээк коопсуздук командирлиги менен берки мекемелердин мүчөлөрүн куттуктады.



Тектеш кабарлар