Эрдоган-Герцог сүйлөшүүсү

Эрдоган социалдык медиадан сүйлөшүү тууралуу маалымат берди.

1814813
Эрдоган-Герцог сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин президенти Ицхак Герцог менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Палестинада израилдик радикалдуу топтор менен коопсуздук күчтөрү себеп болгон окуялар талкууланды.

Социалдык медиадан сүйлөшүү тууралуу маалымат берген президент Эрдоган, Аль Акса мечитинин абалына жана руханиятына каршы провокацияларга жана коркутууларга жол бербөөнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Эрдоган Рамазан айынын башынан бери Батыш Шериада жана Месжид-и Аксада болгон окуялардан 400дөн ашуун палестиналык жаракат алып, арасында балдар да болгон 18 кишинин каза болушуна терең кайгырганын айтты.

«Ар кимди бул куттуу жердин (Месжид аль-Аксанын) жана күндөрдүн руханиятын жана ыйыктыгын сактап калуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого чакырыгымды дагы бир жолу кайталаймын» деген Эрдоган Түркия катары кандай болгон күндө да тынчтык жана бейпилдик үчүн аракетин уланта тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар