Анкарада Венгрия элчилигинин канцеляриясынын пайдубалы түптөлдү

Чавушоглу менен Сийярто Венгрия элчилиги үчүн курула турган жана 2023-жылы тапшырыла турган жаңы кеңсе имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышты.

1814475
Анкарада Венгрия элчилигинин канцеляриясынын пайдубалы түптөлдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана венгер кесиптеши Петер Сийяртонун катышуусунда борбор шаар Анкарада Венгрия элчилигинин канцеляриясынын пайдубалы түптөлдү.

Чавушоглу менен Сийярто Венгрия элчилигинин резиденциясында Венгрия элчилиги үчүн курула турган жана 2023-жылы тапшырыла турган жаңы кеңсе имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышты.

Аземге Венгриянын элчиси Виктор Матис жана Полат Холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Аднан Полат да катышты.

Чавушоглу бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, пайдубалын түптөй турган жаңы имараттардын келерки кылым бою Түркия-Венгрия карым-катнаштарына күч кошо турганын айтты.

Венгриянын Түркиянын стратегиялык өнөктөшү экенин жана бул өлкө менен өзгөчө тарыхый байланышы бар экенин билдирген Чавушоглу: «Акыркы жылдары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын администрациясы жана президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинин негизинде Петр экөөбүздүн аракетибиз менен карым-катнашыбыз абдан маанилүү чекке жетти»,-деди.

Түрк улутунун Венгрияга жана венгер элине болгон кызыгуусу жана сүйүүсү чоң экенин баса белгилеген министр Чавушоглу: «Менин оюмча, Түркияда кадыр-барктуу элчи катары Виктор (Матис) да муну абдан жакшы билет. Венгрия байкоочу мүчөсү болгон Түрк мамлекеттер уюмуна кошкон салымына чоң маани беребиз»,-деди.



Тектеш кабарлар