Улуттук Коргоо министрлиги: "Операция ийгиликтүү уланып жатат"

Ирактын түндүгүндөгү террордук кол салууларга бөгөт болуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында кечээ кечинде башталган «Чеңгел кулпу» операциясы тууралуу маалымат берилди.

1813919
Улуттук Коргоо министрлиги: "Операция ийгиликтүү уланып жатат"

Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагына кол салууга даярданган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 10 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, түрк десанттары "Тынчтык булагы" аймагына кол салууга даярданган дагы 10 ПКК/ЙПГ террористин ийгиликтүү операция менен таасирсиз кылганы белгиленди.

Бир тараптан Улуттук Коргоо министрлиги, пландалгандай ийгиликтүү уланып жаткан «Чеңгел кулпу» операциясында биринчи аныктамалар боюнча 4 аскердин жаракат алганын жана 19 террористтин таасирсиз абалга келтиргенин кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Ирактын түндүгүндөгү террордук кол салууларга бөгөт болуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында кечээ кечинде башталган «Чеңгел кулпу» операциясы тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө мындай деп белгиленди: «Биринчи баскычтагы буталар колго түшүрүлдү. Операция пландалгандай ийгиликтүү уланууда. Аскерлер аймакты көзөмөлгө ала баштады. Издөө-тинтүү иштери уланууда. Террористтердин бардык баш калкалоочу жайлары, бункерлери, штабдары, ошондой эле үңкүрлөрү жана уюктары жок кылынат. Операциянын алгачкы аныктамаларына караганда 19 террорист таасирсиз абалга келтирилди. Издөө-тинтүү учурунда жүргүзүлө турган аныктоолор менен бул сан көбөйүшү мүмкүн. Операцияда 4 баатырыбыз жаракат алды. Зарыл болгон бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Террорчулар качып кете турган жерлери жок экенин түшүнүп, адилеттикке багынып бериши керек. Биз улутубузду террор балээсинен куткаруу үчүн чечкиндүүбүз».

 



Тектеш кабарлар