Германияда полициянын түрк балага катуу кийлигишүүсү каршы чыгууларды тартты

12-апрелде тартылган тасмада айланадагылардын реакциясына карабай, эки милиция кызматкери чалкасынан жаткан баланын үстүнө чыгып, эркек милиционер баланын көкүрөгүн тизеси менен басып жатканы орун алган.

1813301
Германияда полициянын түрк балага катуу кийлигишүүсү каршы чыгууларды тартты

Германиянын Дуйсбург шаарында 13 жаштагы Эмирхан Алтынташтын шайлоо плакатын айрып салганы үчүн полициянын катуу кийлигишүүсү камтылган кадрлар чоң реакция жаратты.

12-апрелде тартылган тасмада айланадагылардын реакциясына карабай, эки милиция кызматкери чалкасынан жаткан баланын үстүнө чыгып, эркек милиционер баланын көкүрөгүн тизеси менен басып жатканы орун алган.

Тегеректегилердин «Ал али кичинекей бала. Кое бергиле!» деп каршы чыккандарга алдырбаган полиция Эмирханды көмкөрөсүнөн жаткырып, колун аркасына кылып кишен салганы да байкалды.

Алтынташ үй-бүлөсүнүн адвокаты Фатих Зингал үй-бүлө менен жолукканын жана окуяны байкай тургандарын Твиттер баракчасынан бөлүштү.

Зингал: «Германиянын Дуйсбург шаарында жашаган 13 жаштагы Эмирхан Алтынташ шайлоо плакаттарын айрып салды деген жүйө менен полиция тарабынан токмоктолгон. Мен үй-бүлө менен сүйлөштүм. Полиция кызматкерлери үстүнөн басып алганда Эмирхан дем ала албай, үн чыгара албай калды. Окуянын изин кууйбуз»,-деген сөздөргө орун берди.

Социалдык тармактардагы сүрөттөргө байланыштуу комментарийлерде полициянын мамилесин сындаган жаш баланын орой кийлигишүүсү чоң реакция жаратты.



Тектеш кабарлар