Эрдоган:«Биз көрсөткөн колдоо менен өнөрпоздорубуздун эмгегин коргойбуз»

Президент Эрдоган кечээ Стамбулдун Долмабахче сарайында өнөрпоздор менен жолуккан ифтар программасында сөз сүйлөдү.

1813333
Эрдоган:«Биз көрсөткөн колдоо менен өнөрпоздорубуздун эмгегин коргойбуз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Биз көрсөткөн колдоо менен өнөрпоздорубуздун эмгегин коргойбуз»,-деди.

Президент Эрдоган кечээ Стамбулдун Долмабахче сарайында өнөрпоздор менен жолуккан ифтар программасында сүйлөгөн сөзүндө, өнүгүү жолунда бараткан коомдорду бири-биринен айырмалаган жана оригиналдуу жактарын эң жакшы ачып көрсөткөн айырмачылыктын архитектурадан музыкага чейин кеңири спектрди камтыган маданий жана искусство чыгарылыштарынын өзгөчөлүгү экендигине көңүл бурду.

«Өнөрпоз - коомдун күзгүсү. Коомдун жыйнагы, ырахаты, түйшүгү, кыялкеч өнөрпозду калыптандырат, жол көрсөтөт»,-деп айткан президент Эрдоган, бул жерден, бул улуттан, бул цивилизациядан шыктанган эч бир искусство чыгармасынын ийгиликсиз болбой турганына ишенгенин баса белгилеп, мындай деп улантты: «Биз да көрсөткөн колдообуз менен ар дайым өнөрпоздорубуздун жанында болдук. Мындан ары да улантабыз. Анкарадагы Президенттик симфониялык оркестрдин жаңы имаратын жана Стамбулдагы «Ататүрк» маданият борборунун ачылышы менен биз дүйнөлүк деңгээлдеги ​​искусство борборлорун өлкөбүзгө салып бердик.

Улуу жана кубаттуу Түркияны куруудагы эң маанилүү милдеттердин бири эми биздин өнөрпоздорго жүктөлөт. Маданият жана искусство менен күчтөндүрүлбөгөн өнүгүү кыймылы таш, бетон, темир, айнек жана металлдан гана турат. Бирок, биз жөн эле өнүгүүнүн курулай кадамы эмес, цивилизациялык кайра жаралууга умтулуп жатабыз. Сиздер менен бирге бул нерсеге жетишебиз деген үмүттөбүз»,-деди.

Ошол эле учурда президент Эрдогандын жубайы, биринчи айым Эмине Эрдоган, өнөрпоздор менен болгон ифтардан кийин социалдык медиа эсебинен маалымат бөлүштү.

Эмине Эрдоган: «Өнөр чөйрөбүздүн баалуу ысымдары менен ооз ачкан дасторконубузда чогулуп, жагымдуу кечени артта калтырдык. Чыгармалары менен жүрөктөрдү титиреткен өнөрпоздорубуз ийгиликтери менен маданий жана көркөм мурастарыбызда өчпөс из калтырууда. Салымы жана катышкандыгы учун аларга ыраазычылык билдирем»,-деп өз пикирлерин бөлүштү.



Тектеш кабарлар