Эрдоган менен Нехаммер телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда 24 - февралдан бери болуп келе жаткан Украина - Россия согушу жана аймактык, Түркия - Австрия карым – катнаштары каралды.

1812653
Эрдоган менен Нехаммер телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Австриянынпремьер- министри Карл Нехаммер менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда 24 - февралдан бери болуп келе жаткан Украина - Россия согушу жана аймактык, Түркия - Австрия карым – катнаштары каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Украинадагы согушта адамзаттык трагедияны акырына чыгаруу жана ок атышпоону түзүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктүн жакшы пайдаланылышы, тынчтык сүйлөшүүлөрүндө алдыга жылуу үчүн Стамбул процессинин колдоого алынышы керектигин айтты.

Президент Эрдоган тынчтыкты жактаган аракеттерин улантышарын белгилеп, согушту эртерээк бүтүрүү максатында Түркиянын ойногон ролунан сөз кылуусу жана Стамбул процессин колдогондугун белгилешинен улам Австриянын премьер- министри Нехаммерге ыракмат айтты.

Бир тараптан премьер - министр Нехаммер да президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу твиттер эсебинен маалымат берди.

Москва сапары тууралуу президент Эрдоганга маалымат бергенин белгилеген Австриянын премьер - министри : «Стамбул процессинин Украинадагы тынчтык үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк экенинде бирдей пикирдебиз»,- деди.

Нехаммер Австриянын активдүү бейтараптык саясаты менен тынчтыкка ар дайым салым кошо турганын да баса белгиледи.

Премьер-министр Нехаммер 9 - апрелде Украинанын борбор шаары Киевге болгон сапарынын алкагында түрдүү жолугушууларды өткөрүп, өзгөчө Бучада согуш болгон жерлерде байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн тапкан.

Нехаммер Киевге болгон сапарынан кийин 11 -апрелде Москвага барып, Россиянын президенти Владимир Путин менен өткөн жолугушуунун кыйын болгонун айткан.



Тектеш кабарлар