Түркия Филиппинге көңүл айтты

Филиппинде акыркы бир аптанын ичинде "Меги" тропикалык бороонунан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза тапкандардын санынын 121ге жеткени билдирилди.

1812157
Түркия Филиппинге көңүл айтты

Түркия Филиппиндеги «Меги» бороонунан каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен Филиппиндеги «Меги» бороонуна байланыштуу билдирүүсүндө: «Филиппиндин борбордук жана түштүк аймактарында «Меги» бороонунун натыйжасында болгон сел жана жер көчкү апааттарынан көптөгөн адамдардын каза тапканын жана миңдеген кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондугун чоң кайгыруу менен билдик. Каза болгондордун жакындарына, дос Филиппин элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз",-деген сөздөр камтылды.

Филиппинде акыркы бир аптанын ичинде "Меги" тропикалык бороонунан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза тапкандардын санынын 121ге жеткени билдирилди.



Тектеш кабарлар