Ибрахим Калын Этторе Секи менен жолугушту
Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте болгон жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Орусия-Украина согушу жана Ливиядагы абал талкууланды.
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Италиянын тышкы иштер министрлигинин баш катчысы Этторе Секи менен кечээ жолугушту.
Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте болгон жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Орусия-Украина согушу жана Ливиядагы абал талкууланды.
Украинадагы согуштагы акыркы абалдар күн тартибине коюлган жыйында азык-түлүк коопсуздугу, энергетика коопсуздугу жана согуштун глобалдык экономикага тийгизген таасирлери бааланып, украиналык качкындардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу тынчсыздануулар кеп болду.
Түркия менен Италиянын ортосундагы терең тамырлуу карым-катнаштарга басым жасалган жолугушууда эки тараптуу соода көлөмүнүн кыска убакытта 30 миллиард долларга жетиши керектиги билдирилип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын улам өсүп улана турганы баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.