ТИКА менен Адам укуктары жана эркиндиги жардам фондунун рамазан жардамдары

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА Ливандын Аккар шаарында 270 жетим бала үчүн ифтар программасын уюштурду.

1810717
ТИКА менен Адам укуктары жана эркиндиги жардам фондунун рамазан жардамдары

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА Ливандын Аккар шаарында 270 жетим бала үчүн ифтар программасын уюштурду.

Түркиянын Бейруттагы элчиси Али Барыш Улусой өлкөнүн түндүгүндөгү Аль-Ислами балдар үйүндө уюштурулган программада сөз сүйлөп : "Түркия катары Ливан жана Ливан калкын абдан сүйөбүз, ТИКА менен бирдикте бул жерде силердин араңарда  болушубуз бул сүйүүнүн бир белгиси",-деди. 

ТИКАнын Ливан координатору Орхан Айдын : "2006 - жылы курулган  балдар үйүндө 3-17 жаштагы жалпы 270 бала тарбияланууда. Алардын 185и туруктуу, 85и майыптар жана күндүзгү балдар. Орозо айында  бул жердеги бардык балдарыбызга ифтар берип жатканыбызга кубанычтабыз",- деди.  

Программа ТИКАнын балдарга белектерин тапшыруусу менен аяктады.

Адам укуктары жана эркиндиктери  гуманитардык жардам фонду болсо Израилдин блокадасындагы  Газа тилкесинде муктаждарга жуманын 6 күнү ифтар тамагын берип жатат.



Тектеш кабарлар