Эрдоган коопсуздук тармагынын ооз ачуу программасына катышты

Президент Эрдоган Балталиманындагы Полиция үйүндө полиция, жандармерия, жээк коопсуздук, күзөт жана коопсуздук кызматкерлери менен жолугушкан ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.

1809844
Эрдоган коопсуздук тармагынын ооз ачуу программасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз терроризмге каршы күрөштү ар дайым мыйзамдын чегинде жүргүзүп келгенбиз, эч качан адамзатка туура келбеген ыкмаларга барган эмеспиз»,-деди.

Президент Эрдоган Балталиманындагы Полиция үйүндө полиция, жандармерия, жээк коопсуздук, күзөт жана коопсуздук кызматкерлери менен жолугушкан ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Түркия терроризмге каршы күрөштүн узак мезгилинде армиясы, полициясы, жандармериясы, күзөтчүлөрү, башка мамлекеттик кызматкерлери жана жарандары менен он миңдеген шейиттери болгон өлкө. Буга карабастан биз ар дайым терроризмге каршы күрөштү мыйзамдын чегинде жүргүзүп келгенбиз, эч качан адамзатка туура келбеген ыкмаларга барган жокпуз. Кудайга шүгүр чек араларыбыздын ичинде бүтүрүү чекитине жеткирген антитеррордук процессибизди жүзүбүз жарык ушул жерге чейин алып келдик. Биз эми террордук уюмдардын бизге кол салышын күтпөйбүз, аларды биздин чек арадан тышындагы уяларында таап, ошол жерде жок кылуудабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар