Түркияда аба жолун колдонгон жүргүнчү саны

Түркияда жылдын биирнчи 3 айында аба жолун колдонгон жүргүнчү саны 30 миллионго жакындады.

1809773
Түркияда аба жолун колдонгон  жүргүнчү саны

Түркияда жылдын биирнчи 3 айында аба жолун колдонгон жүргүнчү саны 30 миллионго жакындады. 

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу  кечээ Стамбулда  берген билдирүүсүндө 2022 - жылдын биринчи чейрек  учак жана жүргүнчү маалыматын бөлүштү. 

Министр Караисмаилоглу бөлүшкөн маалыматка караганда  жалпы Түркияда  аэропорттордо 2022 -  жылдын январь  -  март мезгилинде аба жолун колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны андан мурунку жылдын ушул эле мезгилине караганда  67, 6 пайызна өсүү көрсөтүп, 29 миллион 633 миң болду. 

Жылдын биринчи 3 айында учуп - конгон учак саны ички каттамдарда 155 миң 913, тышкы каттамдарда 105 миң  372ге жетти. 

Өткөн жылдын маалыматтарына салыштырмалуу аба каттамдары 44,1%га өскөн.

Белгиленген чейрек ичинде жалпы Түркияда аэропорттордогу ички жүргүнчү ташуу 15 миллион 953 миң, эл аралык жүргүнчү ташуу 13 миллион 612 миң болду. Ушундайча биринчи 3 айда  түздөн түз транзиттик жүргүнчүлөр менен 29 миллион 633 миң жүргүнчү тейленип,  2021 - жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 67,6 пайызга өстү.

 

 



Тектеш кабарлар