Президент Эрдоган : "Түркия эл аралык басмакана биримдигинде биринчи ондо"
Президент Режеп Таййип Эрдоган Ислам цивилизациялары музейин ачты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Түркия китеп чыгаруу жана сектордун чоңдугу жактан эл аралык басмаканалар биримдигинде биринчи ондо орун алды»,- деди.
Президент Эрдоган Стамбулда Улуттук сарайлар ислам цивилизациялары музейинин ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.
Ковид - 19 эпидемиясынан улам 2 жылга токтогон жарманкелердин кайрадан башталышынан улам кубанычтуу экендигин белгилеген Эрдоган : «Бүйүк Чамлыжа мечитибиздин астында музейибизди да ачып жатабыз жана бул музейде жылына 1 кээде 2 жолу колубуздагы бардык буюмдар көргөзмөгө коюлат. Элибизге кызмат кылат»,- деди.
«Өлкөбүздүн акыркы 20 жылдагы демократия жана өнүгүү багытындагы чоң секириктеринин эң пайдалуу натыйжаларынын бири – элибиздин башка тармактар менен катар окуу жана жазуу тармагында да жолун ачышы»,- деген Эрдоган : «Бүгүн Түркия китеп чыгаруу жана сектордун чоңдугу жактан эл аралык басмаканалар биримдигинде биринчи ондо орун алды»,- деп билдирди.
Президент : «Алдыңкы изилдөө компанияларыбыз жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, сабаттуулук деңгээли акыркы 14 жылда эки эседен ашык өскөн. Бул өсүштүн көбүнчө жаштарыбызда болуп жатканы биздин келечегибизге үмүт берет»,- деди.