Türkiyeге F-16 согуштук учактарынын сатылышы
АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресcке кат жөнөттү.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Türkiyeге F-16 согуштук учактарын сатуунун АКШнын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына туура келерин жана НАТОнун узак мөөнөттүү биримдигине кызмат кылаарын белгиледи.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Türkiyeге F-16нын сатылышына байланыштуу АКШ Конгрессине кат жөнөтүп, «F-16нын сатылышы АКШнын кызыкчылыктарына туура келет жана НАТОнун узак мөөнөттүү биримдигине кызмат кылат»,-деди.
Катта Анкара менен Вашингтондун ортосундагы чыңалган мамилелер моюнга алынып, Türkiyeнин Украина менен болгон коргонуу карым-катнаштары “аймактагы зыяндуу таасирлерге каршы маанилүү” деп сыпатталды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 10-мартта АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Türkiyeнин АКШдан 40 жаңы учак сатып алуу жана учурдагы F-16 учактарын модернизациялоону камтыган талабынын тез арада жыйынтыкталышын күткөнүн билдирип, Türkiyeге каршы бардык адилетсиз санкцияларды алып салууга убакыт келгенин да айткан болчу.
Türkiye октябрь айында АКШдан Lockheed Martin чыгарган 40 F-16 согуштук учагын жана азыркы учактары үчүн 80ге жакын модернизациялык комплекттерди сатып алуу өтүнүчү менен кайрылган.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.