Ципрас: «Türkiye геосаясий жактан орчундуу держава»

Гириттеги жергиликтүү бир телеканалга маалымат берген Ципрас, Грециянын тышкы саясаттагы артыкчылыктары тууралуу баа берди.

1808961
Ципрас: «Türkiye геосаясий жактан орчундуу держава»

Грециянын негизги оппозициячыл партиясы СИРИЗАнын лидери Алексис Ципрас, Греция өкмөтүнүн Украинага карата жүргүзгөн тышкы саясатын сындап, Грециянын бардык аракеттерине карабастан өсүп жаткан баалуулуктун Türkiye экенин айтты.

Гириттеги жергиликтүү бир телеканалга маалымат берген Ципрас, Грециянын тышкы саясаттагы артыкчылыктары тууралуу баа берди.

Ципрас Греция өкмөтү менен өлкөдөгү айрым чөйрөлөрдүн «Türkiye жана президент Режеп Таййип Эрдоган изоляцияда» деген дооматтарынын негизсиз экенин белгилеп: «Türkiye күчтөнүүдө. Ал геосаясий жактан орчундуу держава катары чыгууда. Бул маанилүү аймактык держава»,-деп айтты.

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин Türkiye Республикасынын Орусияга каршы жана батышчыл саясатты кармануусу үчүн Батыштын алдында көтөрүлбөшүн күткөнүнө көңүл бурган Ципрас: «Тескериси болуп жатат, биз чыккан сайын Türkiye көтөрүлүүдө»,- деп айтты.

Мариуполдогу карапайым калктын Türkiyeнин колдоосу менен куткарылышы эске салынганда Ципрас Мариуполдо жашаган 140 миңдей грек-украин атуулуна көңүл буруп: «Биз бул адамдарды сактап калуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө же берүү туурасында ийгиликтүү болгон жокпуз»,-деди.

Ципрас, Америка Кошмо Штаттарынын EastMed жаратылыш газ түтүк жолун колдоосунан баш тартуусуна байланыштуу, «Бул жерден биз баарын Батышка берип жатканыбызды жана Türkiyeнин баарын алып жатканын көрүп турам. Ошентип, акырында биз бардык жагынан утулуп калып жатабыз»,деген баасын берди.



Тектеш кабарлар