Чавушоглу журналисттерге маалымат берди

Мевлүт Чавушоглу Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын экинчи күнүндө журналисттерге маалымат берди.

1809028
Чавушоглу журналисттерге маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинанын Буча жана Ирпин аймактарынан келген көрүнүштөрдүн Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө көлөкө түшүргөнүн, бирок кыйын шарттарда да сүйлөшүүлөрдү улантуунун пайдалуу болорун айтты.

Мевлүт Чавушоглу Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын экинчи күнүндө журналисттерге маалымат берди.

Украинадагы согуштан улам бүт дүйнөдө олуттуу тынчсыздануу бар экенин баса белгилеген Чавушоглу:«Согуштун кесепеттери бардык жерде сезилип жатат. Биздин (НАТО) өнөктөштөрүбүз менен бул жолугушууну уюштуруу маанилүү болду. Акыркы отурум биз Украинага кантип жардам бере аларыбызды, бул согушту кантип токтото аларыбызды талкуулоо үчүн өткөргөн отурум болду»,-деди.

Чавушоглу:«Türkiye катары өзгөчө Украина боюнча принципиалдуу позицияны көрсөттүм, экинчи жагынан президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бул согушту токтотуу аракетибиз тууралуу маалымат бердим. Отурумдардагы бардык маектештерибиз жана көптөгөн өнөктөштөрүбүз Türkiye Республикасынын ойногон ролунан канааттангандыктарын дагы бир жолу баса белгилешти»,-деп билдирди.

Бучадагы көрүнүштөрдүн адамзатты уяткаруучу экенин баса белгилеген Чавушоглу:«Бул сүрөттөр учурда сүйлөшүүлөргө кандайдыр бир деңгээлде көлөкө түшүрдү. Башкача айтканда, бул тилекке каршы түзүлгөн салыштырмалуу атмосферага көлөкө түшүрдү»,-деп айтты.

Чавушоглу сүйлөшүүлөрдү кыйын шарттарда да улантуунун пайдалуу болоорун баса белгилеп:«Анткени биз бул жерде бир жыйынтыкка жетише турган болсок, жалгыз жол дипломатия. Биз бул процесске салымыбызды кошууну улантабыз»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу да америкалык кесиптеши Энтони Блинкендин тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жолугушуу үчүн 18-майда Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтонго чакырганын айтты.



Тектеш кабарлар