Türkiye: «Бейкүнөө жарандарды бутага алуу эч качан кабыл алынбайт»

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

1807824
Türkiye: «Бейкүнөө жарандарды бутага алуу эч качан кабыл алынбайт»

Türkiye Украинанын баш калаасы Киевге жакын жердеги Буча жана Ирпин аймактарында жайкын тургундардын өлтүрүлүшүнүн көрүнүштөрү «үрөй учурарлык» жана «адамзат үчүн кайгылуу» болгонун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Киевдин жанындагы Буча жана Ирпин менен катар ар кайсы аймактардын басма сөз беттеринде чагылдырылган кыргындын көрүнүштөрү адамзат үчүн «үрөй учурарлык» жана «кайгылуу». Türkiye украин элинин кайгысын тең бөлүшөт»,деп баса белгилденди.

«Күнөөсүз жарандарды бутага алуу эч качан кабыл алынбайт. Маселе көз карандысыз иликтөөгө алынышы, күнөөлүүлөрдүн аныкталышы жана алардын жоопко тартылышы биздин негизги күтүүбүз»,делген билдирүүдө адамзатты уят кылган мындай көрүнүштөрдүн тез арада бүтүшү жана тынчтыктын камсыздалышы үчүн Türkiye аракетин уланта турганы белгиленди.

Киевге жакын Буча шаарын орус аскерлеринен 1-апрелде бошоткон украин армиясы имараттары талкаланып, көчөлөрү өлүктөргө толгон шаарга туш болду. Киевге жакын жердеги бошотулган конуштардан 410 жарандын сөөгү табылган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар