Turkish Cargo 335 миллион доза вакцина ташыды

Turkish Cargo жаңы типтеги коронавирус Ковид  - 19 эпидемиясынын таасири уланган 2021 – жылында 61 өлкөгө 335 миллион доза вакцина ташыды.

1808160
Turkish Cargo 335 миллион доза вакцина ташыды

Turkish Cargo жаңы типтеги коронавирус Ковид  - 19 эпидемиясынын таасири уланган 2021 – жылында 61 өлкөгө 335 миллион доза вакцина ташыды.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен  берилген маалыматка караганда дүйнөдө эң тез өнүгүп жаткан аба жүк ташуучусу Turkish Cargo өлкөлөр каалгаларын тыш   дүйнөгө  жапкан пандемия процессинде эл аралык медициналык каражаттар чынжырынын бекемдигин сактап жана вакциналарды жөнөтүү менен олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Вакциналарды, дарыларды жана медициналык каражаттарды муктаждык болгон бардык температура диапазондорунда сактоо менен ташыган Turkish Cargo ылдам жана ишенимдүү кызматы менен медициналык каражаттарды ташууда эң көп тандалган аба жүк ташуучу маркаларынын арасында орун алды.

Вакциналар да болгон медициналык каражаттарды "TK Pharma" деп аталган кызматы менен дүйнөнүн 132 өлкөсүнө жеткирген компания медициналык  каражаттар категориясында 2021 -  жылы 8 пайыздык катнашта глобалдык базар үлүшүнө жетти.

Ковид  - 19  вакциналарын өндүрүүчү өлкөдөн Türkiyeге жана Türkiyeден  дүйнөнүн төрт тарабына жеткирген Turkish Cargo 2021 -  жылы эң көп вакцинаны  Türkiyeге ташып, 100 миллион доза менен экинчи орунда Бразилия турат.

Бир миллион дозадан дагы көп көлөмдө вакцина ташылгандардын арасында Мавритания, Мадагаскар, Руанда жана Конго сыяктуу Африка өлкөлөрү да бар.



Тектеш кабарлар