Монголия аба жолдору Стамбулга каттамдарын баштады

Mongolia Airlines (МИАТ Mongolian Airlines) борбор шаар Улан-Батордон Стамбулга биринчи пландуу рейсин аткарды.

1808298
Монголия аба жолдору Стамбулга каттамдарын баштады
mogolistan hava yollari.jpg
mogolistan hava yollari.jpg

 Mongolia Airlines (МИАТ Mongolian Airlines) борбор шаар Улан - Батордон Стамбулга биринчи пландуу рейсин аткарды.

Монголия аба жолдорунун Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы менен аткарылган биринчи рейсте  Стамбулга 250 жүргүнчү келди. Жүргүнчүлөрдү жана учактын экипажын учактын эшигинде гүлдөр менен тосуп алышты.

Стамбул аэропортунун тышкы каттамдар терминалында өткөрүлгөн аземде жүргүнчүлөргө Монголиянын салттуу даамдарынын бири болгон кургатылган чыпкаланган сөзмө айран  тартууланды.

Монголиянын Стамбулдагы башкы консулу Хишигсүрэн Шарав Түрк аба жолдорунун Улан - Батор менен Стамбулдун ортосундагы каттамдарынан тышкары Монголия аба жолдорунун жумасына бир жолу каттам уюштура турганын айтты.

Шарав : "Июнь айынан тарта аба каттамдарын жумасына эки жолуга жеткирүүнү пландап жатабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары көбөйгөн сайын соода жана туризм дагы жанданат",- деди.

Монголия аба жолдорунун ишке кириши менен Стамбул аэропортунан жүргүнчү ташыган авиакомпаниялардын саны 64кө жетти. Стамбул аэропортунда жалпысынан 79 авиакомпания учуп, 15 учак ташуучу жүк ташууда.



Тектеш кабарлар