Батманда "Эрен Кыш-34" операциясы башталды
Операцияга 677 кызматкер жана 41 ыкчам топ катышууда.
1808161
Ички иштер министрлиги Батманда "Эрен Кыш-34" операциясын баштады.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, жикчил террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймактагы террористтерди таасирсиз кылуу максатында Батманда «Эрен Кыш-34 (Батман-Гөмүк) шейит жандармерия адис сержанты Жемил Туран операциясы» башталды.
Операцияга 677 кызматкер жана 41 ыкчам топ катышууда.
Билдирүүдө өлкөдө террорду толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлгөн "Эрен Кыш" операцияларынын жарандардын колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү улана турганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.