Эрдоган Словениянын президенти менен сүйлөшүү өткөрдү
Cүйлөшүүдө Türkiye-Словения карым-катнаштары, Орусия-Украина согушундагы абал жана аймактык маселелер каралды.
![Эрдоган Словениянын президенти менен сүйлөшүү өткөрдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2209/9469/b92d/622b8a48686b6.jpg?time=1718873667)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Словениянын президенти Борут Пахор менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Türkiye-Словения карым-катнаштары, Орусия-Украина согушундагы абал жана аймактык маселелер каралды.
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Словения менен стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтыкты бекемдөөгө маани беришкендерин айтты.
Энергия булактарын диверсификациялоо жана коопсуз жолдор менен ташуу зарылдыгынын дагы бир жолу далилденгенин белгилеген президент Эрдоган, Каспийдеги жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги булактардын Türkiye аркылуу Европага ташылышынын стратегиялык мүнөздө экенине көңүл бурду.
Президент Эрдоган ошондой эле Украинадагы согуштун бүтүшү үчүн аракеттерин уланткандарын билдирди.