Челик БЧБКнын жыйыны өтүп жатканда басма сөзгө маалымат берди

Челик, президент жана АК партиянын төрагасы Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Борбордук чечим жана башкаруу кеңешинин (MKYK) жыйыны уланып жатканда партиянын башкы кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрдү.

1807710
Челик БЧБКнын жыйыны  өтүп жатканда басма сөзгө маалымат берди

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, Украинанын Буча шаарында жарандарга карай кол салууларга байланыштуу, «Бул адамгерчиликсиз аракеттер жакшылап иликтенип, күнөөлүүлөр ачыкка чыгышы керек», - деди.

Челик, президент жана АК партиянын төрагасы Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Борбордук чечим жана башкаруу кеңешинин (БЧБК) жыйыны уланып жатканда партиянын башкы кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрдү.

Челик президент Режеп Таййип Эрдогандын Украинага байланыштуу дипломатиялык аракетинин уланып жатканын белгиледи.

Президент Эрдогандын Орусия менен Украинанын мамлекет башчыларына Türkiyeде өткөрүлүүчү жолугушууга карата даярдыктын аягына чыкканын жана жолугушууну өткөрө ала тургандарын көп жолу айтканын белгилеген Челик:«Кээ бир лидерлер талкуулай турган долбоордун чыгышы менен Стамбулда же Анкарада өткөрө турган болсок, биз дүйнө көргөн эң катаал согуштардын бири болгон бул согушту токтотуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап натыйжаландырабыз деп үмүттөнөм.  Албетте ушул алкакта Türkiye Республикасынын ишенимдүү ортомчу катары сапаты бардыгы тарабынан жогору бааланууда. Ошол сыяктуу эле Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүбүз, гуманитардык коридорлорду ачуу жана ал жактагы адамдарды өлүмдөн куткаруу боюнча дипломатиялык аракеттерибиз башка маселелерде да оң жыйынтыктарын берүүдө»,-деп өз баасын берди.

Өмер Челик Украинанын Буча шаарында жарандарга карай кол салууларга байланыштуу буларды айтты:«Кечээ пайда болгон көрүнүштөр абдан кайгылуу, көчөдө колдору байланып кырылып жаткан адамдар, массалык мүрзөлөрдүн пайда болушу, бул массалык мүрзөлөрдөн улам ар кайсы жерлерде бул кыргындардын коштолгон көрүнүштөрү, балдардын, аялдардын, кары-картаңдардын жана жарандардын ушундай жол менен кыргынга учуратылышы абдан чоң апаат. Бул көрүнүштөрдүн артындагы адамгерчиликсиз аракеттер тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөрдү табуу керек. Албетте, согуштун мыйзамдарына баш ийилбеген кээ бир талаптарга туура келбеген аракеттер бар экени көрүнүп турат жана кээ бир кыргындар жасалганы тилекке каршы ушундай көрүнүүдө».



Тектеш кабарлар