Чавушоглу Сийяртону куттуктады

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Чавушоглу кесиптеши Сийяртого Венгриядагы шайлоонун жыйынтыгынан улам куттуктоосун айтты.

1806871
Чавушоглу Сийяртону куттуктады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто менен телефон аркылуу сүйлөштү.Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Чавушоглу кесиптеши Сийяртого Венгриядагы шайлоонун жыйынтыгынан улам куттуктоосун айтты.

Венгриянын Улуттук шайлоо кеңсеси (NVI) тараткан көрсөткүчтөргө ылайык, кечээки жалпы шайлоодо азыркы премьер-министр Виктор Орбан жетектеген Фидес (Венгер жарандарынын биримдиги) жана Христиан-демократиялык элдик партия (KDNP) коалициясы жеңди. 

NVI 199 орундуу парламентте Fidesz-KDNP коалициясы 135 депутатты, Венгрия үчүн биримдиктин 56 депутатты жана ашкере оңчул Ми Хазанктын 7 депутатты өкүлдүк кылуу укугуна ээ болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар