Президент : "Путин менен Зеленскийди жолугуштуруу максатыбызды өздөрүнө билдиребиз"

Президент Эрдоган эки күндүк Өзбекстан сапарынан кайтышында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1805133
Президент : "Путин менен Зеленскийди жолугуштуруу максатыбызды өздөрүнө билдиребиз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди  жолугуштуруу максатын эки лидерге билдиришерин белгиледи.

Президент Эрдоган эки күндүк Өзбекстан сапарынан кайтышында журналисттердин суроолоруна жооп берди. Россия менен Украинанын ортосундагы кризистин чечилишине байланыштуу Путин жана Зеленский менен сүйлөшөрүн баса белгилеген Эрдоган : «Экөөсүнө тең максатыбыз силерди эртреээк жолугуштуу  деп айтабыз»,- дедин

Президент : «(Путин жана Зеленский) Жолугушутуруу үчүн бир күндү белгилейбиз деп ойлойм. Ммалекет башчылары деңгээлинде жыйынды өткөрүүгө даярбыз. Мындай  процессте Тürkiye катары урматтуу Путиндин жана урматтуу Зеленскийдин бизге болгон ишеними менен бул ишти бүтүрүү  бизди кубантат»,- деди.

Тürkiyeнин Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кепил өлкөлөрдүн бири боло аларын белгилеген Эрдоган : «Биз муну принципиалдуу түрдө кубаттайбыз, бирок майда - чүйдөсүнө чейин тактоо керек», - деди.

Тürkiye - Израиль карым-катнаштарына да токтолгон президент Эрдоган : «Рамазан айынан кийин (4-май) Израилдин премьер - министри Нафтали Беннетт менен жолугушуп,  дароо кадам таштасак, Израиль менен Тürkiyeнин ортосундагы кызматташтык Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги мунай жана жаратылыш газына байланыштуу процессти ылдамдатат»,- деди.

Президент  Израил - Палестина маселеси  боюнча : «Мен Израилдин президенти Исаак Герцогго Мусулмандар Орозо айт майрамында Месжидул -Аксаны тынчтыкта ​​зыярат кыла алышсын.  Бул тууралуу керектүү колдоону бергиле дедим»,- деп айтты.  



Тектеш кабарлар