Чавушоглу : "Орус жана украиналык тараптар жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрө алышат"

Мевлүт Чавушоглу  менчик бир телеканалдын түз эфиринде күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.

1804999
Чавушоглу : "Орус жана украиналык тараптар  жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрө алышат"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу орус жана украин тараптарынын бир же эки жумада жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрө аларын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу  менчик бир телеканалдын түз эфиринде күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.

Чавушоглу Тürkiyenin Россия менен Украинанын ортосунда толук ок атышпоо үчүн колунан келген аракетин жасаганын айтты.

Чавушоглу мурдагы күнү Стамбулда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн уландысында тышкы иштер министрлери деңгээлинде жолугушуу өткөрүлүшү мүмкүн экенин белгилеп : «Бул жолугушуу 1-2 жумадан кийин болушу мүмкүн, эгер макулдашуу болсо, лидерлер чогулат», - деди.

Министр Чавушоглу : «Тürkiyenin кепилдик менен Украинадагы согушка кирет, Тürkiye ал жерге аскер жиберет деген сөздөр туура эмес»,- деди.

24 -  февралда Россия менен Украинанын ортосунда башталган согуштан кийин Тürkiyenin Россиядан алган жаратылыш газдын 50 пайыздан 40 пайыздын астына түшкөндүгүн айткан Чавушоглу : «Бүткүл дүйрө жаратылыш газ өткөрүнүн жолун издеп жатат. Туура болгон нерсе жаңыланууга боло турган энергияга багыт алуу. Россиядан газ өткөрүүдө бир кыйынчылык жок. Ортомчулук кылып жатып санкцияларга кошулуу реалдуу болбойт, ошондуктан баары бизди түшүндү»,- деди.

Израилдин премьер - министри Нафтали Беннеттин май айынын орто ченинде Тürkiyeге келерин жарыялаган Чавушоглу : «Бул аймактагы (Жер Ортолук деңиз) жаратылыш газынын Тürkiyeдеги куурларга кошулуп, Европага барышы маанилүү. Бирок аны өтө кыска убакытта алмаштыруу кыйын»,- деди.

Тышкы иштер министри, ошондой эле Европа Биримдиги  менен мамилелер боюнча : «Тürkiye аймактык жана дүйнөлүк тынчтыктын негизги өлкөсү. Биз Европанын коопсуздугуна эң көп салым кошкон өлкөбүз.  Европа Биримдиги керек болгон учурда жакындап, андан соң алыстап кетет. Муну көптөгөн өлкөлөргө жасашат»,- деди.

Чавушоглу, НАТО жана Европа Биримдиги ичинде «Тürkiyeге карата (коргонуу тармагындагы) чектөөлөрдү жойолу» деген изденүүнүн үстөмдүк кыла баштаганын белгиледи. Чавушоглу  Сауд Арабия менен да карым – катнаштарды нормалдаштыруу үчүн маанилүү кадамдардын ташталганын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар