Чавушоглу Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнөн кийин маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, делегациялардын Стамбулдагы жолугушуулары аяктаганы жана эртең уланбай турганы белгиленди.

1803850
Чавушоглу Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнөн кийин маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнөн кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу: «Бүгүн биз ар бир этапта тараптардын жакындашуусунун артканын канааттануу менен көрүп турабыз. Бул процесске өз салымыбызды кошуп, колдоо көрсөтүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Ар дайым баса белгилегендей, эң башкы приоритет - ок атышууну токтотууга мүмкүн болушунча тез арада жетишүү, туруктуу саясий чечимге жол ачуу»,- деди.

Миңдеген адамдын өлүмүнө жана миллиондогон адамдын жер которуусуна себеп болгон согуштун эми токтошу керектигин айткан Чавушоглу: «Кээ бир маселелер боюнча макулдашууга жана жалпы түшүнүккө жетишилди. Сүйлөшүүлөр башталгандан бери эң маанилүү жылыш бүгүн болду. Татаал маселелердин жогорку деңгээлде каралаарын көрүп жатабыз. Мындан кийинки процессте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери чогулуп, орток түшүнүккө акыркы форманы берери болжолдонууда. Андан соң эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу күн тартибинде турат»,-деп билдирди.

Чавушоглу жолугушууларда гуманитардык жардам жана гуманитардык коридорлорду ачуу темаларын да сүйлөшкөндөрүн белгилеп: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинадан 16 миң 500дөн ашуун жараныбызды эвакуацияладык»,- деди.

Түрк жарандарынын да, үчүнчү өлкөнүн жарандарынын да эвакуацияланышы үчүн тараптар жана эл аралык уюмдар менен координацияланган иштердин жүргүзүлүп жатканын белгилеген Чавушоглу: «Аймактан чыга албай калган кемелерибиздин чыгышы жана навигациялык коопсуздук маселесин да көтөрдүк. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр, мурунку жолугушуулардагыдай эле тараптардын Түркияга болгон ишениминин көрсөткүчү. Бизге болгон ишенимди жана жоопкерчилигибизди билебиз. Кан төгүүнү токтотууга, ок атышпоону камсыздоого жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн эл аралык коомчулук менен координацияланган аракеттерди улантабыз»,-деди.

Ал арада Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана тышкы иштер министри Чавушоглу Орусия жана Украинанын сүйлөшүүчү делегациялары менен Президенттиктин Долмабахче иш кеңсесинде жолугушту.

Жолугушууга тышкы иштер министринин орун басары элчи Седат Өнал да катышты.

Кошумчалай кетсек, Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө делегациялардын Стамбулдагы жолугушуулары аяктаганы жана эртең уланбай турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар