Украина Орусиянын жоготууларын жарыялады

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.

1802899
Украина Орусиянын жоготууларын жарыялады

Украина акыркы 24 саатта орус армиясына таандык 4 учак, 1 тик учак, 2 учкучсуз учуучу аппарат, 2 канаттуу ракета, 2 танк, бир унаа жана бир брондолгон жөө аскер унаасынын жок кылынганын билдирди.

Украинага согуш ачкан орус армиясынын 17 миң аскеринен ажыраганы маалымдалды.

Украинанын Башкы штабы, орус армиясынын 24-февралдан 28-мартка чейинки жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

Буга ылайык Украинага кол салган орус армиясынан 17 миң аскер өлтүрүлүп, орустарга таандык 123 учак, 127 тик учак, 586 танк, 1694 бронетехника, 302 замбирек, 95 ракета атуу системасы жана 54 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 1150 унаа, 7 кеме жана жеңил ылдамдыктагы катер, 73 күйүүчү май ташуучу унаа жана 66 учкучсуз учуучу аппаратын да жоготту.

Орусиянын Коргоо министрлиги да украин армиясына таандык 36 аскерий инфраструктуралык объектинин жок кылынганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө, орус армиясынын Украинадагы аскердик инфраструктура объектилерине кол салууларын улантып жатканын белгилеп: «Украинада бир сутка ичинде 36 аскерий инфраструктуралык объектилер учактардын чабуулдарынан талкаланды»,- деди.

Конашенков Украинанын 5 согуштук учагынын да Чернобаевка аба мейкиндигине жакын жерде атып түшүрүлгөнүн айтты.

Ушул күнгө чейин украин армиясына таандык 308 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганын белгилеген Конашенков : «Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1713 танк, ар кандай бронетехника жана 1557 атайын аскердик унаа жок кылынды»,-деди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар